Кербенде оорукана өрттөнүүдө, кызматкерлер жана бейтаптар эвакуацияланууда

Кырсык 0


Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүндө жайгашкан оорукананын имараты өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жеринде төрт өрт өчүрүүчү бөлүм иштеп жатат.

Учурда кызматкерлерди жана бейтаптарды эвакуация иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий