• 87
  • 90.59
  • 0.87

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо. Координациялык кеңеш кийинки жылга пландарды бекитти

Экономика 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Гүлшат Асылбаеванын төрагалыгы астында Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш 2024-жылдагы ишин жыйынтыгын чыгарып, келерки жылдарга иш планын бекитти.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын кызматташуусун күчөтүү боюнча иштер талкууланды.

Белгиленгенлей, Координациялык кеңеш — мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдар ортосунда кызматташтыкты камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. Кеңеш керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуу учурларына тез реакция кылып, көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды кыска мөөнөттө иштеп чыгууну көздөйт.

2024-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда 20 миңге жакын жаран кайрылуу жасап, аларга укуктук жана консультациялык жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий