• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кесибинде өзгөчөлөнгөн жарандар министрлер кабинетинин Ардак грамоталары менен сыйлады

Өкмөт 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экономиканы өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, интеллектуалдык потенциалы бийик жана өз кесиптик чөйрөсүндө ийгилик жараткан, профессионалдык ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн жарандарга министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.

Акылбек Жапаров сыйлык алгандарга, алардын жетишкендиктери үлгү болоорун жана Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнө стимул экенин белгиледи. Өлкөнүн экономикалык жана интеллектуалдык куч-кубатын чыңдоо боюнча алардын ишинин маанилүүлүгүн кошумчалады.

“Сыйлык алгандардын арасында 40-50 жыл өмүрүн билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына арнаган эмгек сиңирген мугалимдер жана дарыгерлер, мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле коомдук демилгелерге жана кайрымдуулук долбоорлоруна активдүү катышкан бизнес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү бар”, - деди ал.

Минкаб төрагасы сыйлык алгандар мындан ары да өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жемиштүү ишмердүүлүгүн улантып, анын өнүгүшүнө дагы да чоң салым кошооруна ишенээрин билдирди.

Андан кийин президент тарабынан ыйгарылган Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерине класстык чендерди тапшыруу аземи болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Акылбек Жапаров класстык чендерди алган мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана жоопкерчилигин жогорулатаарын белгиледи. Ал ошондой эле, кызматкерлердин сиңирген эмгегин баалоону гана билдирбестен, алардын квалификациясын жана билимин мындан ары жогорулатуу үчүн кошумча стимул болоорун кошумчалады.

Минкаб төрагасы жаңы класстык чендер мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатууга жана Кыргызстандын жарандарынын жашоосун жакшыртууга көмөктөшөт деген ишенимин айтып сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий