Хакасиянын белгилүү окумуштуусу Виктор Бутанаев дүйнө салды. Садыр Жапаров көңүл айтты

Президент 0

Бишкек. 05.06.23. /Кабар/. Россиядагы чыгыш таануучу, хакас элинин заманбап тарыхчы окумуштуусу жана педагогу, профессор, тарых илиминин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери (2002), Хакасия Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери (2006), “Теңир-тоолук кыргыздар менен хакастар Эне-Сай Кыргыз каганатын негиздеген орто кылымдардагы кыргыздардын орток урпактары” деген илимий пикирдин ырааттуу жактоочусу, “Даңк” медалынын, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, КР айрым университеттердин ардактуу профессору болгон Виктор Яковлевич Бутанаев 2023-жылдын 4-июнунда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Буга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров көңүл айтып, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Мамлекет башчысынын билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

"Дүйнөлүк тарых илиминде, айрыкча биздин кыргыз тарыхыбыз менен байланыштуу илимде оор жоготуу болду.

Улуу Кыргыз каганаты түзүлгөн Эне-Сай доорун, Тянь-Шань кыргыздары менен Эне-Cай кыргыздарын өзөгү кандай байланышарын изилдеп, тактап берген хакас элинин атактуу түрколог-окумуштуусу Виктор Бутанаевдин дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Түрк элдеринин этнографиясын изилдеген окумуштуу кезинде Кыргыз каганаты өзүнчө бир империяга айланып, чоң аймакты ээлеп тургандыгын, белгилүү бир мезгилдерден кийин ал империя урап, калктын бир бөлүгү Тянь-Шанда калса, бир бөлүгү Эне-Сайга көчкөнүн, мына ошентип Тянь-Шань кыргыздары менен Түштүк Сибирь эли бир тууган эл экенин айныксыз тарыхый фактылар менен таасын далилдеп берген дулдул окумуштуу эле!

Ал айрыкча кыргыз элинин тарых-таржымалынын такталышына эбегейсиз салым кошкон инсан эле. Анын изилдеген илимий эмгектери биздин тарыхыбыз тууралуу ар кандай бүдөмүк пикирлерди четке сүрүп, улуу кыргыз эли учурунда улуу дөөлөт курганын дагы бир жолу тастыктап берген .

Маркум Виктор Бутанаевдин кыргыз таанууга кошкон өлчөөсүз эмгегин баалаган кыргыз бийлиги аны учурунда "Даңк" медалы, III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлаган. Ал эми айрым университеттер ага "ардактуу профессор" наамын ыйгарган.

Кыргызга, кыргыз тарыхына салым кошкон бир тууганыбыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына, бир боор хакас элине жана жалпы эле Россиянын илимий чөйрөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Кош болуңуз, улуу окумуштуу!

Жаткан жериңиз жайлуу болсун!".


Виктор Яковлевич Бутанаев 1946-жылы 12-мартта Камчатка облусунун Запорожье айылында төрөлгөн. 1994-2011-жылдары Хакас мамлекеттик университетинин Археология, этнография жана тарыхый чөлкөм таануу кафедрасын жетектеген жана ошол эле убакта кыргыз этнография илимине чоң салым кошкон.

1995-жылы Кыргызстан тарыхчылар коомунун (мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар ассоциациясы) ардактуу мүчөсү болуп шайланган.

Профессор Виктор Яковлевич Бутанаев Саяно-Алтай этнографиясынын өзүнүн илимий мектебин түзгөн, ал Түштүк Сибирь элдеринин этникалык тарыхын, элдик маданиятын, салттуу экономикасын, каада укугун, динин, музыкалык маданиятын жана этнопедагогикасын изилдеген.

В.Я.Бутанаевдин окуу китептери, маалымдамалар, монографиялары Хакасиянын тарыхын, этнологиясын, түрк-монгол элдеринин тарыхын, хакастардын салттуу маданиятын жана турмушун жана башка илимдерди изилдөөдө колдонулат. Жарым кылымдан ашык илимий ишмердүүлүгүнүн ичинде 400гө жакын илимий макалалар, 30дан ашык монографиялар жарык көргөн. Анын эмгектери Россияда, коңшу өлкөлөрдө гана эмес, Швейцария, Финляндия, Түркия, АКШда да таанымал.

1996-жылы Россия Федерациясынын Жогорку билим берүү боюнча мамлекеттик комитетинин чечими менен археология, этнография жана тарых кафедрасынын профессору илимий наамы ыйгарылган.

Абаканга келген кыргыз тарыхчылары (Имел Молдобаев, Тынчтыкбек Чоротегин, Олжобай Каратаев ж.б.) жана жазуучулары (Кеңеш Жусупов, Кердегей – Кубат Жусубалиев, ж.б.) үчүн Хакасияга жана Тывага этнографиялык сапарларды уюштуруп, 1988-2015-жылдары өзү да Кыргызстанда бир нече ирет илимий сапарда болгон. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында студенттер үчүн дарстарды окуган. Саян-алтай этнографиясы тармагында илимий мектеп түзүүгө жетишкен.

Пикир

Оставить комментарий