• 87
  • 90.41
  • 0.84

Хоккей боюнча дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Бишкекке Иран, Малайзия, Кувейт командалары келди

Спорт 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Бишкекте өтө турган 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатына катышуу үчүн борбор калаага Иран, Малайзия жана Кувейттин курама командалары учуп келди.Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, 3-марттан 8-мартка чейин Бишкек шаарында 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, ага Малайзия, Иран, Кувейт, Сингапур жана Кыргызстандын командалары катышат.

Ошондой эле Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, советтик хоккей боюнча атактуу дарбазачы Владислав Третьяк, Германиянын хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл жана Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти Айваз Оморканов да катышат.

Пикир

Оставить комментарий