Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 11-12-декабрда Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич Радман расмий сапары менен Кыргызстанга келет.
Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү болуп, анын алкагында кыргыз-хорват кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.
Пикир
Оставить комментарий