• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Кичи автобустун чоң көйгөйлөрү

Коом 0

Борбор калаада жүргүнчүлөрдүн 80 пайызын маршруттук таксилер тейлейт. Күнүнө миңдеген адам түшкөн маршруткалардын айдоочулары жакшы эле акча табышат. Бирок шаар мэриясы коомдук унаалардын тарифин көбөйтөбүз деп жатып, элдин ага каршы болгондугун ар тармактан көрүп жаны тынды окшойт. Элдин айтымында, бүгүнкү күндө коомдук унаалардын абалы аянычтуу деңгээлде, тарифти көбөйтсө деле ал көйгөйлөр кала берет. Транспорт ичиндеги тыгындар, тейлөө сапаты жана жол эрежелеринин сакталбашы шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратып келет.

Эрежелер аларды бузуу үчүн жаратылган

Көпчүлүк учурда маршруттук таксилердин айдоочуларын жол эрежелерин орой бузушат деп айыпташат. Шаар жолдорунда алардын унааны кандай башкарып жүрүшөөрү жүргүнчүлөргө эле эмес, башка бардык айдоочуларга дагы белгилүү. Шаар тургуну Макебаев Бакытбектин айтымында, маршруткалардын айдоочулары жүргүнчүлөрдү алуу үчүн каалаган жерден токтой беришет жана муну менен артында келе жаткан автоунааларга тоскоолдук жаратышат. “Маршруткалар бизге аябай ыңгайсыздык жаратышат. Ар кайсы жерге токтоп киши алып, артында келе жаткан унааларга тоскоолдук жаратышат. Эгер токтобой койсо, элдер “остановкага” барганды үйрөнүп калышат эле”,- дейт Бакытбек.

Айдоочулардын да арманы аттын башындай десек болот. Борбор калаанын жолдорунун абалы мышык ыйлай турган кейипте. Жол чырактардын начар иштегенине, аялдамалардын аздыгына, элдин ыгы жок жерден токтото бергенине маршруттук таксилердин айдоочулары нааразы. Өзүнүн атын атоону каалабаган маршруттук таксинин айдоочусу шаарда аялдамалардын аралыктары алыс болгондуктан эл токтоткон жана суранган жерден токтошорун айтты. “Биринчиден шаарда аялдамалардын аралыктары эки-үч километр, карыган абышка-кемпирлер же жүк көтөргөндөрдүн ага чейин басып баруусу кыйын болуп калат. Экинчиден, жүргүнчүлөр 10 сом беришсе, 100 сом бергендей болуп каалаган жеринен токтотушат”,- дейт айдоочу.

“10 сомго кайдагы комфорт?”

Жүргүнчүлөрдүн кыжырына тийген дагы бир көйгөй - транспорт ичиндеги тыгындар. Бир маршруткага 13-15 адам туура келе турган болсо, бизде 30-35ке чейин салып алышат. Мындай абалдан пайдаланган "чөнтөкчүлөр" да четтен табылып, жүргүнчүлөрдүн чөнтөгүнө, сумкасына кол салып, акчаларын, уюлдук телефондорун алып коюшат. Кээ биринин документтери кошо жоголуп, запкы тартып келишет. Шаар тургуну Ырысбү Кылычбек кызы маршруткадагы тыгындардын айынан бир эмес эки жолу чөнтөкчүлөрдүн курмандыгы болгонун айтты. “Мен жаңы конушта жашаганым үчүн түшкөн маршруткаларда дайыма көп адам болот. Тыгын маршруткадан бир эмес эки жолу “карманниктердин” курмандыгы болгом. Биринчисинде, эки-үч жыл мурун 121-маршруткадан кымбат баалуу телефонумду, экинчисинде, былтыр 203-маршруткадан капчыгымды ичиндеги акча, документтер менен кошо уурдаткам. Мен сыяктуу телефон же капчык уурдаткандар аз эмес, ошондуктан маршруткаларга отургучтардын санына гана жараша адам алса жакшы болот эле.

Анткен менен маршрутканын айдоочусу Турат мырза (аты өзгөртүлдү) жүргүнчүлөрдү отургучтардын санына жараша алуу айдоочуларга да, карапайым калкка да жана жол кыймылына да терс таасирин тийгизет деп эсептейт.

“Биринчиден, биздин тетиктердин баары доллар менен алынат. “Сидячий” кылганда биз жумушу жок калабыз. Үй-бүлөөнү багышыбыз керек.Экинчиден, жол кирени көбөйтүүгө да болбойт, элди да ойлош керек. 10 сом менен эле туруп бара берсе эч нерсе болбойт. Үчүнчүдөн, бир маршрутканын ордуна эки-үчөө керек болуп калат, анда жол тыгындары болот. Андыктан, маршрутканын ичи тыгын деп нааразы болбош керек, азыр 10 сомго каяктагы комфорт?”- деди Турат мырза.

Ал эми Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Качкынович бул көйгөй шаардын вертикалдуу эмес, горизонталдуу өсүп жаткандыгына байланыштуу деп эсептейт. Анын айтымында, шаардын көчөлөрүн чоң транспорт үчүн ылайыкташтырып, автобус, троллейбустарды көбөйтүү керек.

“Шаарыбыздын тегерегинде 48 жаңы конуш курулган, андан улам Бишкек горизанталдуу түрдө өсүп жатат.Жаңы конуштарга чоң автобус жана троллейбустар кире албагандыгына байланыштуу, ал жерлерде маршруттук каттамдар ачылган. Ошол себептүү маршруткалардын ичинде тыгындар болууда. Биз колдон келишинче, конуштарга маршруткаларды көбүрөөк берип, шаардын башкы көчөлөрүнө троллейбус жана автобустарды көбүрөөк чыгарууну пландап жатабыз”,- дейт транспорт адиси.

Нурлан мырзанын айтымында, Бишкекте метро же шосселер жок болгондон кийин, көчөлөрдү чоң транспорт үчүн ылайыкташтырмайынча бул маселе көйгөйлүү бойдон кала берет.

Жыйынтыгында баары бири-бирине: үй-бүлөсүн багайын деген айдоочулар жүргүнчүлөргө, арзан жана ыңгайлуу жүрүүнү каалаган жүргүнчүлөр айдоочуларга нааразы. Ал эми Шаар башкармалыгы калаанын транспорт көйгөйлөрүн түп-тамырынан чечүүгө убакыт келгендигин айтканы менен, кандай жолдор аркылуу белгилүү эмес.

Кошумчалай кетсек, Бишкекте күнүнө 40 жеке ишканадан 2700 маршруттук такси, 2 муниципалдык ишканадан 110-120 автобус жана 105-110 троллейбус жарандарга кызмат кылат.

Кенешова Гулзира,

Кыргыз-Түрк Манас университетинин журналистика бөлүмүнун студенти

Пикир

Оставить комментарий