• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кийинки жылды ишкердикти колдоо жылы деп жарыялоо сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 22.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылды "Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана коргоо" жылы деп жарыялоо сунушталууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстандын бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев билдирди.

Анын айтымында, пандемия учурунда бизнес тармагы оор жоготууларга учурады.

"Өткөн жума күнү бизнес-акыйкатчы тарабынан президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кат жиберилген. Анда 2021-жылды "Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана коргоо" жылы деп жарыялоо сунушталган. Анткени системдик өзгөрүүгө өзгөчө маани берилип, реформа жүргүзүүгө кезек келди деп эсептейбиз", - дейт Мусуралиев.

Пикир

Оставить комментарий