• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кийинки жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны индексациялоого 829 млн сом каралууда

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, фонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 57 млрд 796 млн сом жана 2021-2022-жылдарга 60 млрд 271 млн сом жана 65 млрд 98 млн сом көлөмүндө түзүлдү. “2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды”, - деди ал.

Депутат Тариел Жоробеков соцфонддун бюджеттин 787 млн сом өлчөмүндө профицити кийинки жылга пландалган каржылоолорго багытталаарын тактады. Ошону менен катар пенсияга чыккан жаран каза болгон учурда анын пенсиясынын топтому бөлүгү мураскерине берилери айтылды.

Жыйын жүрүшүндө депутат Аалы Карашев пенсиянын индексациясы качан, кандай болооруна кызыкты. Соцфонд төрагасы Медер Ирсалиев 2019-жылдын 1-октябрында пенсиянын индексациясы болгондугун, ал эми 2020-жылдын 1-октябрынан тарта индексация кылууга 829 млн сом бөлүнүп жатканын билдирди. Аалы Карашев Социалдык фонддун бюджети ачык-айкын, калк түшүнгөндөй, түшүнүктүү болушу керектигин кошумчалады.

Депутат Зиядин Жамалдиновдун суроосунан кийин 2020-жылы мамлекеттик бюджеттен Социалдык фонддун бюджетине 21 млрд 911 млн сом бөлүнөөрү, анын 11,5 млрд сому пенсиялардын базалык бөлүгүнө, 3 млрд сому аскер кызматкерлеринин пенсиясына каралаары айтылды. Ошондой эле келерки жылы пенсияны көтөрүүгө 829 млн сом кароо пландалып жатканы, бул каражат аскер кызматкерлеринен сырткаркы пенсионерлерге кошулаары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий