• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кийинки жылы ар бир региондо 500 жумушчу орун түзүү боюнча план даярдоо керек – Аманбаев

Өкмөт 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Кийинки жылы ар бир региондо 500 жумушчу орун түзүү боюнча план даярдоо керек. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Бактыбек Аманбаев облус жана шаар башчылары менен болгон жолугушууда билдирди.

Аманбаев аймактардагы туризм, айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү планын жазуу түрүндө иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле ишкерлер менен иштешип, кийинки жылы ар бир региондо 500 жумушчу орундарын түзүү боюнча план даярдоо тапшырмасы коюлду.

"Ар бир аймакта этти экспорттой турган борбор ачылышы керек", - дейт ал.

Аманбаев облус жана шаар башчыларына бардык тоо-кен ишканаларын кыдырып, алардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий