Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеев кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду.
Кечээ Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда кесипкөй мушкерлер арасындагы кикбоксинг боюнча мелдеш өттү.
Ал кечтин башкы беттешинде Дастан Шаршеев менен россиялык Алексей Додонов дүйнө чемпиону наамын талашышкан. Ошол беттеште кыргызстандык мушкер биринчи раундда эле Додоновду нокаутка кетирип, атаандашын жеңип алды.
Белгилей кетсек, буга чейин Шаршеев бирман боксу боюнча Евразия жана Азия чемпиону, WBКF версия боюнча К-1 кесипкөйлөр арасындагы кикбоксинг боюнча Борбор Азия чемпиону болгон.
Пикир
Оставить комментарий