• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кимдер кулпунай жебеш керек? Дарыгердин жообу

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Дарыгер-диетолог Ольга Кораблева РИА Новостиге эмнеге кулпунайды ачкарын жебеш керек экенин жана балдарга бербеш керектигин айтты.

«Кулпунай тамак-аш аллергиясы болушу мүмкүн. Ал көбүнчө иммундук системанын реакциясын жаратат, айрыкча адамда ашказан-ичеги оорусу бар болсо. Оор формасында анафилактикалык шок болушу мүмкүн (дароо пайда болгон курч реакция: кан басым төмөндөп, дем алуу жолдору тосулуп калат – ред.). Ошентип, кулпунай балада аллергия пайда болбошу үчүн эмизген аялдарга жана кош бойлууларга сунушталбайт. Бир жашка чейинки балдарга дагы ушул эле себептер менен кулпунай бербөө керек»,-дейт адис.

Мындан тышкары, ашказан оорусу барлар: гастрит же ашказан жарасы барлар аны унутуп эле койгону оң, анткени мөмөдөгү оксал (щавелеввая) кислотасы приступка алып келиши мүмкүн.

«Ачкарын кулпунай жеген дагы зыян – бул үчүн мөмө өтө кычкыл. Кулпунайды десертке жеген оң»,-деди Ольга Кораблева.

Булак: РИА Новости.

Пикир

Оставить комментарий