• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Кимдерге сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүүгө болбойт?

Ден соолук 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Күз келип, суук түшкөнүнө байланыштуу сасык тумоо, дем алуу органдарынын курч сезгениши сыяктуу оорулар күчөйт. Вакцинация алуу менен өзүңүздү катуу сасык тумоодон сактап кала аласыз, бирок бул баарына эле сунуштала бербейт. Бул тууралуу лабораториялык медицинанын жетектөөчү консультанты, эксперт Маргарита Провоторованын Россиянын “Радио-1” радиосунун уктуруусунда билдирди.

Анын айтымында, сасык тумоого каршы вакцина эң көп изилденген жана такай жаңыртылган вакциналардын бири, ал вирустун учурундагы штаммдарына ылайыкташуу үчүн жыл сайын өзгөрүп турат.

Бирок кээде бейтапка медициналык себептерден улам вакцина алууга тыюу салынган жагдайлар болот, бул эмдөөгө каршы көрсөткүч деп аталат. Кимдерге сасык тумоого каршы эмдөөгө тыюу салынат жана эмне үчүн?

  • эгерде сасык тумоого каршы вакцинаны сайгандан кийин, белгилүү татаалдыктар, мисалы, 8 см диаметри менен анча чоң эмес шишик, кызаруу сыяктуу белгилер байкалса;
  • вакцинаны саюу учурунда эмдөөдөн кийинки күчтүү реакциялар мурда катталган болсо. Буга мисал температуранын 40°Сден жогору көтөрүлүшү;
  • эгерде буга чейин сасык тумоого каршы вакцинаны алгандан кийин коллапс (кан басымынын кескин төмөндөшү) же анафилактикалык шок болсо;
  • эгерде сиздин тооктун жумурткасына аллергияңыз болсо, анткени кээ бир каршы вакциналарда овальбумин бар.

Ал кошумчалагандай, мындан сырткары вакцинацияга абсолюттук карама-каршы көрсөткүчтөр менен бирге салыштырмалуу убактылуу каршы көрсөтмөлөр да бар.

Мисалы, катуу ооруган жугуштуу оорулардын учурунда эмдөө сунушталбайт, бул учурда дарыгер бир нече күн бою вакцинадан баш тартууну сунуштайт.

“Бирок, кандай болгон күндө да, сизде вакцинага каршы көрсөтмөлөр барбы же жокпу, өзүңүз ойлобоңуз. Эмдөө алдында бейтап дайыма дарыгердин кароосунан өтүп, анамнезин кылдаттык менен чогултуп, андан кийин гана чечим кабыл алынат”, - дейт Провоторова.

Пикир

Оставить комментарий