Кинематография департаментинде облустук жана райондук кинодирекциялардын коллегиясы өттү

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 10-11-февраль күндөрү Кинематография департаментинде облустук жана райондук кинодирекциялардын коллегиясы болуп өттү. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коллегияда бардык кинодирекциялардын аткарган иштери, көйгөйлүү маселелер, кинодирекциялардын кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана маалымат алмашуу темасындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

"Келерки жылга облустук жана райондук кинодирекцияларга кинотеатрларга видео көзөмөл орнотуу, ошондой эле акыркы чет элдик тасмалар менен кардарларды тартуу жолдорун табуу боюнча тапшырмалар берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Коллегиянын алкагында татыктуулардын эмгеги белгиленип, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча алдыңкы кинодирекциянын кызматкерлери диплом жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты. Ошол эле кезде облустук кинодирекциялардын айрым кызматкерлерине сын-пикирлер да айтылды.

Пикир

Оставить комментарий