• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

МСК: Киреше салыгы жана соцкамсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттун формасына өзгөртүү киргизилди

Экономика 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Салык төлөөчүнүн кабинетинин электрондук сервистерин өркүндөтүүнү улантып, салык төлөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн жаңы функцияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү киргизүүдө.

Акыркы жаңыртуунун алкагында киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттун формасына өзгөртүүлөр киргизилди (FORM STI-161).

Тактап айтканда, темир, айнек буюмдар, макулатура жана желим буюмдар сыяктуу чийки заттарды кайра иштетүү үчүн кабыл алуу менен алектенген салык төлөөчүлөр үчүн жаңы бешинчи бөлүм кошулду.

Жаңыланган форма «FORM STI-161_4» деп аталып, 2024-жылдын 1-июлунан баштап отчеттук мезгилдер үчүн колдонулат.

Ошондой эле, отчет services.salyk.kg сайтындагы киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту толтуруу жардамчысы аркылуу түзүлөт.

Отчетту берүү үчүн толтуруу боюнча жардамчыны колдонуу керек, андан кийин Салык төлөөчүнүн кабинетинин "Е-отчеттор" модулунан "Отчетторду берүүнү" жана "Киреше салыгын" тандоо керек.

Мындан тышкары, жаңыртуу менен бул отчет үчүн XML-файл структурасы өзгөртүлдү. "1С:Предприятие" программасы аркылуу документти түзүү алдында ката кетирбөө үчүн services.salyk.kg сайтындагы "Документтер" бөлүмүндө жеткиликтүү болгон XSD-схемасы аркылуу текшерүү сунуш кылынат.

Пикир

Оставить комментарий