• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Киров суу сактагычына 22 жаштагы жигит чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Күн мурун, 23-июлда Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагындагы Киров суу сактагычына 22 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сууга чөгүп кеткен Д.Т. аттуу жигит Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну болгон.

Издөө иштерине 12 куткаруучу жана милиция кызматкерлери тартылган.

Белгилей кетсек, куткаруучулардын издөө иши кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтоткон. Бүгүн, 24-июлда издөө иштери улантылды.

Пикир

Оставить комментарий