Кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алууга каражат бөлүндү

Өкмөт 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, 50 млн сом Кытай Эл Республикасынан кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу жана аларды Кыргыз Республикасына жеткирүү үчүн бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий