Китеп сүйүүчүлөргө жаңылык. Ар бири 2 миң нускадан 50 китеп басылып чыкты

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кыргыз тилинде ар бири 2 миң нускадан 50 китеп басылып чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал өзүнүн маалыматында мамлекет башчынын былтыр августтагы кечиктирилгис чаралар жөнүндө жарлыгы менен маданият тармагында көптөгөн жаңылыктар болуп жатканын белгилеген.

"Китептердин арасында дүйнөлүк классикалардын котормолору, кыргыз жазуучу-акындарынын китептери, балдар адабияты бар. Жакынкы күндөрү республикадагы бардык китепканалар ушул жаңы чыккан китеп менен толукталып, окурмандарга сунушталат.

Сиздер жакшы билгендей өлкөбүздөгү китепканалар кыргыз тилиндеги жаңы адабият менен толукталбай келген. Бул китептер иштин башталышы гана. Мындан ары акын-жазуучулардын талапка жооп берген китептери мамлекет тарабынан колдоого алынып, басылып чыгып турат. Ал эми негизги көңүл котормого, аларды биздин элге адаптациялоого бурулмакчы", - деп жазды Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий