• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

ККМди киргизүүнүн зарылчылыгы эмнеде? Адистин жообу

Экономика 0


Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. ККМ фискалдаштыруунун акыркы этабы. Мында товар өндүрүлгөндөн баштап, кардардын колуна тийгенге чейинки процессти ачык көрсөтүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Ал көзөмөл-кассалык машиналар толук кандуу киргизилсе көмүскө экономикадан чыгууга чоң мүмкүнчүлүк болоорун айтат.

“Бардык салык төлөөчүлөр ушул системага өтсө бизде ачык экономика болот. Анда товарлардын канчасы сатылганы, канчасы калганына чейин көрүнүп турат”, – дейт ал.

Учурда республика боюнча толук кандуу 71 миң ККМ иштеп жатат. Анын 46 миңи ушул жылы орнотулган. Нурлан Умтулов дагы 50 миңдей көзөмөл-кассалык машине коюлушу керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий