• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Коопсуздук кеңешинде Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 03.05.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 3-июнда, Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кезектеги ыкчам кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешмеде ИИМ менен УКМКнын өкүлдөрү Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Орхан Инандынын кайсы жерде экенин тезинен аныктоо боюнча ведомстволор аралык координацияны, өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө чараларын көрүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий