• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Климаттык конференциянын алкагында бир катар долбоорлор талкууланды – ӨКМ башчысы

Коом 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын (COP29) тараптар конференциясынын алкагында Кыргызстандын Улуттук павильону ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев белгилегендей, Кыргызстандын павильонунда тигилген боз үй бир гана этнографиялык мааниге ээ болбостон, жолугушууларды өткөргөнгө да ыңгайлуу болууда.

"Кыргызстандын павильонун көрүп, бизге аябай жакшы шарттар түзүлүптүр деп ойлоп жатам. Анткени, бул жерден сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көптөгөн орчундуу маселелерди чечкенге аракеттендик. Эки сааттын ичинде Азия банкынын өкүлдөрү менен жолугуп, керектүү жана пайдалуу маселелерди талкууладык. Алар тараптан да кызыгуу абдан зор болду", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий