• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Клубдардагы баңгизат. Жайылтууга көмөктөшкөндөр жоопкерчиликке тартылат — Ташиев

Коом 0

Бишкек, 03.05.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түңкү клубдардын кожоюндарына кайрылып, баңгизаттын бардык түрлөрүн жайылтууга жол бербөөгө чакырды.

Ал баңгизаттарды жайылтууга салым кошкондор жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

"Укук коргоо органдары тарабынан туруктуу негизде баңги заттарынын таркатылышынын алдын алуу багытында ыкчам иш аракеттер көрүлүп келет.

Тилекке каршы, акыркы убакта өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө түнкү клубдардан маң заттары (көбүнчө синтетикалык кошулмалар) алынып, ал туурасында жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымдалып келет.

Жаштарыбыздын саламаттыгына кам көрүү багытында иштерди дагы да күчөтүү максатында түнкү клубдарды иштеткендерге, алардын ээлерине да эскертүү!

Баңги заттарынын кайсыл түрү болбосун клубдарга кирүүсүнө, ал жакта таркатылып, сатылуусуна жол бербегиле! Эгерде ошондой учурлар катталса мыйзам чегинде жоопко тартыласыздар. Клубду иштеткендер дагы, анын кожоюндары дагы", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий