• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ӨКМ 70 сомдук кумшекер жана 130 сомдук өсүмдүк майын соода түйүндөрүнө жеткирүүдө

Коом 0


Бишкек, 15.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда азык-түлүк боюнча туура эмес маалыматтар тароодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, 24-февралдан баштап Россия жана Украинадагы окуялардан улам Кыргызстанда бир катар имиштер пайда болууда.

“Дүкөндөрдө азык-түлүктүн көлөмүнүн азайышы жана баасынын жогорулашы байкалууда. Президенттин тапшырмасы, Акылбек Жапаровдун көзөмөлүндө 1 млн кг (1 миң тонна) кумшекерди өлкөнүн соода түйүндөрүнө таркатып жатабыз. Кумшекердин сатылышы 1 кг 70 сомдон болот. Мындан сырткары, өсүмдүк майынын тартыштыгы болот деген дагы сөздөр тараган. Азыр 500 миң литр өсүмдүк майын дагы соода уюмдарына жеткирүүдөбүз. Анын 1 литри 130 сомдон сатылат”, - дейт министр.

Пикир

Оставить комментарий