ӨКМ: Апшыр-Сайдан 1,3 миңден ашык эс алуучу эвакуацияланды, жабыркагандар жок

Аймак 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Ноокат районунун Апшыр-Сай эс алуу жайынан 1,3 миңден ашык эс алуучу эвакуацияланды, жабыркагандар жок, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Ошондой эле ӨКМдин тик учагы менен Ноокат районунун Апшыр-Сай эс алуу жайынан 5 адам (2 жашы улгайган, 2 келин, 1 жаш бала), Кезарт жайлоосунан 10 адам (3 жашы улгайган, 3 келин, 4 жаш бала) эвакуацияланып, коопсуз жайларга жайгаштырылды.

Жарандар жеринде медицина кызматкерлеринен кароодон өтүп, алдын ала уюштурулган унаалар менен жашаган жерлерине жеткирилди.

"Жалпысынан 1300дөн ашуун эс алуучу куткарылган. Апшыр-Сайдан эвакуацияланган жарандарын ичинен жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, күн мурун саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун аймагында катуу сел жүргөн. Тилекке каршы ошол учурда сайда суунун жээгинде эс алып жаткан 6 адамды суу агызып кетип, кийин анын төртөө каза болгону жана дагы экөөнү издөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгилүү болгон. Ошондой эле табигый кырсыктын кесепетинен жолдор, көпүрөлөр бузулуп, суу электр мамыларын агызып кеткен.

Кийинчерээк сел суусу жолдорду алып кеткендиктен Абшыр-Ата эс алуу жайында жана Кезарт жайлоосунда 1400гө жакын эс алуучу калып калганы маалым болгон.

Пикир

Оставить комментарий