• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ атайын эсебиндеги каражаттын бөлүнүшү тууралуу түшүндүрмө

Коом 0

Бишкек, 6-май /Кабар/. КР Өкмөтү Дача-Судагы кырсыктан каза болгондордун туугандарына, жабыркагандарга жана жергиликтүү тургундарына акчалай каражатты бөлүштүрүү боюнча түшүндүрмө берет. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

“Социалдык тармактарда активдүү талкууланып жаткан 2017-жылдын 16-январында Дача-Су айылында болгон авиакырсыктан каза болгондордун, жабыркагандардын туугандарына, аталган айылдын жашоочуларына моралдык жактан колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине кыргызстандыктардан келип түшкөн каражаттардын бөлүштүрүлүшү боюнча кайрадан төмөнкүлөрдү билдиребиз.

2017-жылдын 27-апрелинде акча каражаттар авиакырсыктын жыйынтыгында каза болгондордун жана жабыркагандардын туугандарынын банктык жеке эсебине которулду.

2017-жылдын 29-апрелинде жабыркагандар менен мурда жетишилген макулдашуу боюнча Дача-СУ айылынын тургундарына бир жолку материалдык жана моралдык колдоо түрүндө 5млн сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, акчалай каражаты Ново-Павловка айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн атайын комиссия тарабынан бөлүштүрүлгөн. Анын курамына каза болгондордун туугандары, жабыркагандар, жергиликтүү тургундар жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Белгилеп кетчү жагдай, Дача-Су айылында (жабырлануучулардын катарына кирбеген) бир нече жер тилкелери бар жана ар бир жер тилкеси үчүн бир жолку моралдык компенсация талап кылгандар да бар.

Ошондой эле, бир үйдө жашаган бир нече үй-бүлөлөр (туугандар) ар бир үй-бүлө үчүн өзүнчө бир жолку моралдык компенсация төлөп берүүнү талап кылып, туугандык конфликтерин чечүүнү мамлекетке оодарып жатышат.

Белгилей кетсек, буга чейин Өкмөттүк комиссия жабыркагандардын туугандары жана жабыркагандар менен биргеликте Дача-СУ айылынын калган жашоочуларына моралдык колдоо көрсөтүү үчүн «бир үй (участоктун бир ээси) – бир колдоо» принцибинин негизинде акча каражатын бөлүштүрүп берүү чечимин кабыл алган.

Ар бир жер тилкесинин ээсине өзүнчө жана бир үйдө жашаган ар бир үй-бүлөнүн туугандарына төлөөнү талап кылган каражатты, жабыркагандар менен кошо Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан түзүлгөн комиссия максаттуу эмес деп эсептейт.

Ошондой эле, ушул жылдын 27-апрелинде керектүү документтери жоктугунан улам моралдык жардам албай калган жергиликтүү тургундарга ушул жылдын 10-майынан кийин каражат бөлүнөрүн маалымдайбыз.

Каза болгондордун туугандарынын жана жабыркагандардын жеке өтүнүчү менен алардын коопсуздугун эске алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КР ӨКМ атайын эсебинен каражат алгандардын аты-жөнүнүн тизмесин жана акча каражатынын суммасын көрсөтүүдөн карманат. Жабыркагандардын өздөрүнүн айтуусуна караганда, бүгүнкү күндө аларды тоноо окуялары катталышы мүмкүн.

Өкмөттүк комиссия тарабынан тиешелүү органдарга жабыркагандардын коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каза болгондордун туугандарына жана жабыркагандарга КР ӨКМ атайын эсебинен турак-жай алуу үчүн берилген акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну сунуштайт.

Азыркы кезде 7 жаран турак-жай сатып алды. Белгилей кетсек, азыркы учурда Өкмөттүк комиссия түрк тарап менен каза болгондордун жакындарын жана жабыркагандарды колдоо иретинде төлөнүүчү компенсация боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Түрк тарап менен жетишилген сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өкмөттүк комиссия өлкө коомчулугуна толук маалымат берип, атайын маалымат жыйынын уюштурат.

Пикир

Оставить комментарий