• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев Токой чарба кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрликтин жетекчилик курамы Токой кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр Бообек Ажикеев ӨКМдин курамына өтө турган кызматтын токой экочөйрөсүн туруктуу өнүктүрүүнү, мамлекеттик токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүүнү, биотүрдүүлүктү эсепке алууну биргеликте ишке ашыруу пландарын айтты.

Ошондой эле ал Токой кызматынын бул жылга койгон максаттарын жана тармактагы көйгөйлөрүн угуп, сунуштарды иштеп чыгууну, бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу оюн билдирди.

Белгилей кетсек, учурда президенттин 2023-жылдын декабрында кол койгон жарлыгынын негизинде Токой кызматын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курамына өткөрүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий