• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

ӨКМ башчысы: Жумгалда жоголгон жарандарды табууга болгон күч-аракетти жумшайбыз

Аймак 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери 19-октябрдан бери тынымсыз улантылууда. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, учурда издөө иштерине 53 адам тартылган. Кеч киргенине жана 2-3 күндөн бери созулуп жаткан жаан-чачынга карабастан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издөөнү улантып жатат. Издөөнү тездетүү үчүн атайын техникалар колдонулууда. Жыйынтык бүгүн чыкпаса эртең адамдын саны дагы көбөйтүлөт.

“Издөө иштери алгачкы этапта кичи сайда жүргүзүлүп, бирок жыйынтык бербегендиктен кызматкерлердин санын көбөйтүп, эми төмөнкү чоң сайдан издөөнү улантууну чечтик. Тилекке каршы суу астында иштей турган дрондорду шаркыратмаларда колдонуу мүмкүн эмес. Биздин куткаруучу иттер тирүү адамдарды гана табууга үйрөтүлгөн. Ошондуктан таштардын арасын, чытырман токойлорду жана башка татаал жерлерди текшерүү үчүн куткаруучулардын санын көбөйттүк”, - деди министр.

Белгилейт кетсек, 2024-жылдын 16-октябрында 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кетип, кайтып келген эмес.

Пикир

Оставить комментарий