Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси Нурбек Жолборсов коррупцияга шектелип кармалып, №1 Тергөө абагына эки айга камакка алынды.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, 4-июль күнү ал Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган.
6-июль күнү Биринчи май райондук соттун токтому менен Жолборсовду 6-сентябрга чейин камакка алуу каралган.
Айрым маалыматтар боюнча Жолборсовду кармоо учурунда анын жанында 146 миң доллар болгон.
Пикир
Оставить комментарий