• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ: Чүйдө аң уулоого чыккан жаранды кар көчкү басып калды

Кырсык 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Чүйдө кар көчкү бир адамды басып калды, - деп билдирет КР ӨКМдин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Жел-Арык коктусуна аң уулоого чыккан үч аңчынын бирөө жок болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтын негизинде жерине беш куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жеткенде коктуда болжол менен 3000 м3 кар көчкүсү түшкөндүгү аныкталган.

Издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 17:45те көчкүнүн астынан 49 жаштагы Б.Р. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

Каза болгон жарандын сөөгү райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий