• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ӨКМ: Каракол - Эңилчек жолуна кар көчкү түштү

Кырсык 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө Каракол - Эңилчек жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кар көчкү болжол менен саат 06:10 чамасында Каракол - Эңилчек авто унаа жолунун 42-чакырымында түшкөн.

"Болжол менен кар көчкүнүн туурасы 8 метр, бийиктиги 1,5-2 метр, көлөмү 3500-4000 куб метрди ​ түзөт. Азыркы убакта тазалоо иштери жүрүүдө тартылган техника бир даана погрузчик. Азыркы убакта бир тарапту жол ачык", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кар көчкүдөн жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий