• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ӨКМ: Казарман-Актал-Чат унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды

Коом 0

Бишкек, 08.02.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 93-чакырымында кар көчкү түшкөн,-деп кабарлайт ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-февралда 23:40 чамасында нуаа жолдун 93-чакырымында кар көчкү түшсө, бүгүн, 8-февралда саат 03:40 чамасында 82-чакырымында кар көчкү күшкөн. Натыйжада жол каттамы убактылуу жабылган.

“Тазалоо иштерине №18 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 4 кызматкер тартылып, унаа жол саат 14:45те толугу менен тазаланып, жол кыймылы калыбына келди”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий