Бишкек, 03.01.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кышкы эс алууда тоодо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерин эскертти.
- Тоо маршрутунун татаал тилкесине даярданбастан, климатына көнбөстөн жүрүшкө эч качан жалгыз чыкпаңыз.
- Кышында тоо эс алуу базасынын лыжа тебүү тилкесинин коопсуздугун текшерип алуу оң.
- Тоодогу жагымсыз шарттарда – калың кар түшкөн соң 2-3 күндөн кийин, туманда, төмөнкү температурада, кар көчкү жүрчү аймактарга чыгууга болбойт.
- Аба ырайы бузулганда, караңгыда, кечке жуук жүрүш жасабаңыз. Күндүзгү жөө жүрүштүн негизги бөлүгү эртең менен жасалганы ийгиликтүү.
- Тоо жүрүшүндө спирт ичимдиктерин ичүү ден соолукка зыян экенин эстен чыгарбаңыз.
- Таштары бош ойдуңдардан өйдө-ылдый чыгуудан качыңыз.
- Аскалардын боорунан, муздан өткөндө абайлайлы. Анткени тайгак.
- Жыгылып калганда, жаракат алганда өзүңүздү-өзүңүз кармап, жардам чакырыңыз.
- Башты соккудан коргой турган каска, дененин ачык бөлүктөрүн күнгө күйүүдөн, аппак карга алдыруудан сактоо үчүн кол жана бет кап кийүү зарыл.
- Аскаларды бойлой же таштан-ташка секирбей, жай жылып түшүңүз.
- Карлуу эңкейиштерден эртең менен өтүү керек (күн жакшы тие электе).
- Катуу жамгыр, мөндүр жааса, аба ырайы төмөндөсө тоодогу жүрүштү токтотуу зарыл.
- Эгерде тоодо жүргөндө күн күркүрөсө, темир буюмдарыңыздан, жалгыз дарактан, суу жээгинен алыс болуңуз. Анткени булар чагылганды өзүнө тартарын унутпаңыз.
Пикир
Оставить комментарий