• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

ӨКМ: Өлкө боюнча сутка ичинде 355 миңден ашуун погондук метр унаа жолу дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-июль күнү өлкө боюнча 336 628 м² имараттар, 355 800 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 128 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 800 м² имараттар, 35 300 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 90 кг жана 110 литр суюк хлор колдонулду;

Нарын облусунда 5841 м² имараттар, 25 000 погондук метр автоунаа жолдору дезинфекцияланып, 12,6 кг жана 90 литр суюк хлор колдонулду;

Талас облусунда 29 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 392 литр суюк хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 263 267 м² имараттар жана 79 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 66 кг жана 202 литр суюк хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 14 133 м² имараттар жана 129 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 501 кг хлор колдонулду;

Ош облусунда 32 850 м² имараттар жана 32 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 135 кг жана 10 литр суюк хлор колдонулду;

Баткен облусунда 4 577 м² имараттар, 18 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 33,8 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 1 230 м² имараттар, 4 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 102 литр суюк хлор колдонулду.

Белгилей кетсек, залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, жарандар көп бара турган объектилерде, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий