• 87
  • 90.59
  • 0.86

ӨКМ майыптыгы бар балдардын жатак мектебине ашкана буюмдарын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бүгүн Беловодск айылындагы майыптыгы бар балдардын атайын жалпы билим берүү (көмөкчү) жатак-мектебинин тарбиялануучуларына министрликтин камкордук жардамын тапшырды.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр алгач мектеп директорунун милдетин аткаруучу Гүлзада Жумагулова баштаган мектеп жамааты жана окуучулар менен учурашып, алардын жашоо-шарты жана абалынан кабар алды.

Окуучулар өздөрүнүн чакан программасын аткарып, министрди жылуу маанайда тосуп алышты. Бообек Ажикеев балдарды куттуктап, аларга кубаныч тартуулоо аракетинде өзүнүн чакан суроолорун берип, жакындан баарлашты. Келечекте билимге умтулган акылдуу, мекенчил уул-кыздардан болуп өсүүсүнө тилектештигин билдирип, чың ден соолук, кең келечек жана өсүп-өнүгүү каалады.

Андан соң министр ашкана буюмдарын: мектептин жамаатына муздаткыч, тамак ысытуучу меш, электр самоору жана башка идиш-аяктарды тапшырды. Анын жалпы суммасы 81 миң сомду түзөт.

Мектеп жамааты министрликтин социалдык-материалдык жардамдары үчүн ыраазычылыгын билдирип, жыл сайын унутта калтырбай колдоо көрсөтүп келе жатканына ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий