• 87
  • 90.63
  • 0.79

ӨКМ башчысынын орун басары Баткенде кооптуу аймактарды кыдырууда

Аймак 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Баткен облусуна иш сапары менен барды.

Ведомстводон билдиришкендей, жумушчу топ адегенде эле Лейлек районунун аймагындагы кооптуу аймактарда болуп, Раззаков шаарындагы калктуу конушту аралап өткөн Чыгыш көчөсүндөгү сел өткөрүүчү сайды жана Жаңы-Конуш тилкесиндеги бетон тосмосунун курулуш иштери менен таанышты.

Табигый кырсыктардан коргоо максатында келерки жылга карата сунушталган объекттерди жеринен көрүп чыккан министрдин орун басары Акылбек Мазарипов алдын алуу жана коргоо жумуштарынын маанилүү экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, кооптуу аймактарда коргоо чараларын жүргүзүү үчүн атайын түзүлгөн комиссия бүгүнтөн тарта облустун бардык район-шаарларын кыдырып чыгып, кооптуу делген тилкелерде жеринен көрүп чыгат.

Натыйжада 2025-жылга карата капиталдык курулуш жана авариялык калыбына келтирүү жумуштары боюнча берилген сунуштун негизинде объекттердин долбоору даярдалып, коргоо чаралары жүзөгө ашат.

Пикир

Оставить комментарий