• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

ӨКМ: Нарында тоо көлдөрүнө изилдөө жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Нарын облусундагы жырылып кетүү кооптуулугу бар бийик тоо көлдөрүнө байкоо жана изилдөө жүргүзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, Жумгал районундагы Ак-Көл көлү, Кочкор районундагы Көл-Үкөк, Көл-Төр, Жогорку Көл-Үкөк, Шамшы, Бузулган-Суу, Каракум көлдөрүнө топтолуп жаткан суунун көлөмү жана табигый тосмолордун өзгөрүүсүнө байкоо жүргүзүлдү.

Ага ылайык, учурда көлдөрдөгү суунун көлөмү туруктуу жана табигый тосмосунан жырылып кетүү коркунучу жок.

Пикир

Оставить комментарий