Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 8 ай ичинде Ош облусунда 202 өрт кырсыгы катталып, өрттүн саны 20,5% азайган.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришкендей, облуста былтыр ушул мезгилде 254 өрт катталган болчу.
Өрттөн келтирилген материалдык чыгым 32 млн 598 миң 234 сомду түзгөн. Тилсиз жоодон 8 айда үч адам каза болгон, жабыркагандар жок. Өздүк курамдын күчү менен 58 млн 122 миң 500 сомдук товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.
Өрттөрдүн негизги себептери:
-электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 58 (51,9%);
- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 25 (12,4%);
- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 35 (6,4%);
-балдардын от менен ойноосуунан – 15 (7.4%)
Өрттөн болгон негизги объектилер:
-турак жай сектору – 79 (67,3%);
-унаа, гараж, турук (стоянка) –11 (5,3%);
-кампалар, соода бөлмөлөр – 4(2%);
-ачык аянттар – 9 (2%).
Кара-Суу району – 62, Өзгөн району – 43, - Ноокат району – 33, Араван району – 25, Кара-Кулжа району – 20, Алай району – 12, Чоң-Алай району – 7 өрт катталган.
Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болгон – 79.
Пикир
Оставить комментарий