• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ӨКМ: Республика боюнча жалпы 590 226 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Кечээ, 28-апрелде өлкө боюнча 52 603 чарчы метр имараттын ичи, 537 623 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 590 226 чарчы метр аймак жана 1 221 198 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 284 куткаруучу тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 449 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 515 кг хлор, 200 литр суюк хлор колдонулду;

Нарын облусунда 9218 чарчы метр имараттын ичи, 9180 чарчы метр имараттын сырты жана 122 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 369 кг хлор, 75 литр суюк хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 1200 чарчы метр имараттын ичи, 456 960 чарчы метр имараттын сырты жана 60 580 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 390,5 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 17 400 чарчы метр имараттын ичи, 33 840 чарчы метр имараттын сырты жана 203 058 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 1016 кг хлор, 270 даана хлор таблеткасы жана 826 литр суюк хлор колдонулду;

Ош облусунда 19 267 чарчы метр имараттын ичи, 10 475 чарчы метр имараттын сырты жана 95 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 552 кг хлор жана 14 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 1750 чарчы метр имараттын ичи, 8000 чарчы метр имараттын сырты жана 18 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 144 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 82 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 343,5 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 2488 чарчы метр имараттын ичи, 12032 чарчы метр имараттын сырты жана 123 560 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 60 кг хлор, 164 литр суюк хлор, 15 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Талас облусунда 1280 чарчы метр имараттын ичи, 7135 чарчы метр имараттын сырты жана 67 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 235,5 кг хлор колдонулду.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге,маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Учурда иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий