• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

ӨКМ: “Себат” балдар лицейинде 35 окуучу тамак-аштан ууланган

Кырсык 0

Бишкек,19.10.17. /Кабар/. Кыргыз-Түрк “Себат” балдар лицейинде 35 окуучу тамак-аштан ууланган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 17-октябрында Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсүндө жайгашкан Кыргыз-Түрк “Себат” балдар лицейинде 35 окуучу тамак-аштан ууланган.

“Талас шаарынын санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Ж.А. Аскарбековдун берген маалыматы 35 окуучу тамак-аштан ууланган.

Ууланган 11 окуучу Талас облустук биргелештирилген ооруканасына стационардык дарыланууга кайрылган, анын ичинен 6 окуучу медициналык жардам алган соң, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми 4 окуучу 18-октябрда үйлөрүнө чыгарылган. Калган жеңил ууланган 25 окуучунун ден соолугунун абалы Талас облустук биргелештирилген ооруканасынын кызматкерлери жана лицейдин мугалимдеринин байкоосунда”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий