• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

ӨКМ сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар жолдордун тизмесин жарыялады

Коом 0

Бишкек, 13.07.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар жолдордун тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, 13-17-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу республиканын төмөнкү унаа жолдорунда сел жүрүшү жана таш кулашы мүмкүн:

— Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
— Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
— Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-1-чакырымдарында;
— Балыкчы – Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;
— Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
— Ош – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
— Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;
— Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымдарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий