• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

ӨКМ суучул болом дегендерди окууга чакырды. Шарттары

Коом 0

Бишкек, 20.06.24. / Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору суу куткаруучусу болом дегендерди окууга чакырды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, аталган борбор жыл сайын 300дөн ашуун суучул жана суу куткаруучуларын даярдап чыгарат.

Суучулдар - атайын кийим жана шаймандар менен суу ичинде куткаруу, техникалык жумуштарды аткара алган адис.

Суу куткаруучусу – сууда сүзө алган, эс алууга ылайыкталган суу объектилеринде коопсуздукту камсыздап, куткаруучу катары иштей турган адис.

Суу куткаруучулары кантип даярдалат?

Борбор 18-45 жашка чейинки суу куткаруучусу болууну каалагандарды кабыл алат. Окуу мөөнөтү 10 күн. Кабыл алуу өзгөчө талап жана тандоо менен жүргүзүлөт. Эң биринчи кезекте адистин ден соолугу чың жана психикалык жактан туруктуу болушу зарыл. Ошондой эле төмөнкү керектелүүчү документтерди тапшыруусу керек:

  • жазуу түрүндөгү арыз же уюмдун атынан жолдомо;
  • бекитилген формадагы 086 У медициналык маалымдама;
  • арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
  • 3х4 өлчөмүндөгү түстүү сүрөт (4 даана).

Кыргызстандын сертификаты дүйнө жүзүндө таанылат. 10 күндүк окуудан өткөн суу куткаруучусуна сертификат берилет. Кыргызстандын сертификаты менен дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да иштеп кетүүгө болот. Күчтүү окутуучу курам практикалык көндүмдөрдү сапаттуу үйрөткөндүктөн эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө-мамлекеттердин суучулдары жыл сайын Ысык-Көлгө тажрыйба алмашууга келип, тереңдикке кирүүнү үйрөнүп кетишет.

Борбордун бүтүрүүчүлөрү эс алууга ылайыкталган суу объекттилеринде суу куткаруучусу болуп иштөө менен жыл сайын адистигин тастыктоо үчүн 2 күндүк окутуудан өтүп турушат.

Окутуунун баасы 3400 сом. КМШга мүчө-мамлекеттерден келгендер 6800 сом, ал эми дүйнөнүн башка мамлекеттеринен келгендер 13 600 сом төлөп окуй алышат. Ал эми тастыктоочу окутуунун баасы 500, 1000, 2000 сом.

Суучулдарды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу. Борбордо суучулдарды даярдоо жана адистештирилген кесипке ээ болгон суучулдардын квалификациясы да жогорулатылат. Окутуунун мөөнөтү 1 ай. Мында борбордун адистери I, II, III класстагы суучулдарды жана дайвинг дисциплинасы боюнча окутушат.

Суу астында ширетүү жана таштандыга толгон көлдү тазалоо. ӨКМге караштуу Суучулдар кызматы өлкөдөгү ири жана чакан ГЭСтерде суу түбүндөгү техникалык жумуштарды аткарышат. 20-25 метр тереңдикке түшүп, темирлерди кадимкидей ширетип, оңдошот.

Алсак, “Токтогул”, “Шамалды-Сай”, “Камбар-Ата-2” ГЭСтеринде, суу сактагычтарда жана атайын балык багуучу жайларда суу алдындагы техникалык жумуштар жүргүзүшөт.

Мындан сырткары президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде 2023-жылдын 12-мартынан тарта суучулдар тарабынан Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иштери жүрүүдө.

Суучулдар тарыхындагы биринчи барокамера. Ушул жылы суучулдардын жумушунда эң зарыл болгон барокамера алынды. Түркия тараптан гранттык негизде келген бул жабдык суучулдардын коопсуз жумушу, тагыраагы дем алууну калыбына келтирүүдө, түрдүү оорулардан сактоодо жана суучул кесибине ээ болууну каалагандарды алгачкы сыноодон өткөрүүдө пайдаланылат.

Пикир

Оставить комментарий