• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Өкмөт башчы: түкүрүк боюнча айыпты карап чыгыш керек (видео)

Өкмөт 0


Бишкек, 09.01.18. /Кабар/. Түкүрүк боюнча айып пул салууну кайра карап чыгуу керек. Бул тууралуу КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жана соттук-укуктук реформалоо алкагында кабыл алынган жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.

“Мунун баары тең мекенибиздин тазалыгын, башка жактан келген туристтерге Кыргызстан таза мамлекет экен, жарандары маданияттуу, коомдук жайлары өздөрүн үлгүлүү алып жүрөт экен деген түшүнүк алып келиши керек”, - дейт Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, жаш муунду тарбиялоо, аларда үлгүлүү жүрүм-турумду калыптандыруу ар бир инсандын милдети.

"Бул ар бир ата-эненин милдети. Улуу муундагы адамдардын жаштарга берүүчү тарбиясы. Муну эч качан терс карабаш керек. Жаштарга жүрүм-турум кандай болуш керек экендигин жана аларга үлгү боло тургандай нерселерди жаратуу керек", - деди өкмөт башчы.

“Бирок түкүрүккө 5 миң 500 сом деген айып салууну менин оюмча биз кайра карап чыгышыбыз керек. Таштандыларды таштоо - бул бир, ал эми түкүрүү - бул албетте терс көрүнүш, бирок айып пул салуу жагын кайра карап чыгышыбыз керек”, - дейт М.Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий