Өкмөт күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташына жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрүүдө

Экономика 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. КРнын өкмөтү күйүүчү-майлоочу майдын баасынын өсүүсүнө жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде КРнын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда дүйнө жүзүндө күйүүчү-майлоочу майга (КММ) баанын өсүү тенденциясы байкалууда.

“Ушуга байланыштуу КР өкмөтү КММнын мындан ары да кымбатташына жол бербөө боюнча нефтетрейдерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”, деди ал.

Мындан тышкары, министр республиканын бардык мунай базаларында тартыштык байкалбайт деп белгиледи.

Эскерте кетсек, КРда мунай жана мунай продуктыларын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий