Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Өкмөт дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салды. Аталган токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 “Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилди.
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 “Дары-дармек жана медициналык каражаттарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармек жана медициналык каражаттардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 28-32-пункттар менен толукталсын:
28. |
Хирургиялык операцияларды жүргүзүүдө бейтаптар жана медициналык персонал пайдаланган бир жолку халаттар |
6210 10 920 0 |
29. |
Медицина үчүн пайдаланган коргоочу костюмдар же медициналык халаттар |
6203 39 900 0 6210 10 980 0 6211 32 100 0 6211 33 100 0 6211 43 100 0 6211 49 000 9 |
30. |
Медициналык максатта пайдалануу жана вирустук оорулардан коргоо үчүн арналган биологиялык коргоочу костюмдар |
62ден |
31. |
Дем алуучу башка жабдуулар жана газ маскалары, механикалык бөлүктөрү жана алмаштыруучу чыпкалары жок коргоочу маскалардан тышкары. Респиратордук маскалар |
9020 00 000 0 |
32. |
Медициналык коргоочу көз айнектер |
9004төн |
”.
Пикир
Оставить комментарий