• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өкмөт мартка чейин жаңы кодекстердеги кемчиликтерди оңдоп чыгат

Коом 0

Бишкек, 23.01.19 /Кабар/. Өкмөт 1-мартка чейин жаңы кодекстердеги кемчиликтерди оңдоп чыгат. Тийиштүү токтомду бүгүн Жогорку Кеңеш кабыл алды.

Анда 1-январдан баштап күчүнө кирген кодекстерде жана мыйзамдарда кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча бир катар сунуштар киргизилген.

Өкмөткө Жогорку Сот, Башкы прокуратура менен жумушчу топ түзүп жаӊы күчүнө кирген кодекстер менен мыйзамдарга анализ жүргүзүп, андагы кемчиликтерди жоюп, мыйзам долбоорлорун тез аранын ичинде алып келүүнү тапшырылды.

Ага депутаттар тарабынан айтылган бир катар сунуштар дагы камтылмакчы. Токтомду аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 1-мартына чейин белгиленди.

Эске салсак, парламенттин 17-январда өткөн жыйынында сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынып, 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат угулуп, аны кезектеги жыйында да улантуу чечими кабыл алынган.

Кыргызстанда 1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген. Андан тышкары "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар иштей баштаган.

Пикир

Оставить комментарий