• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Өкмөт шайлоодон кийин эч кандай башаламандыкка жол бербейт - Боронов

Өкмөт 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Өкмөт шайлоодон кийин башаламандыкка жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Ушактар көп. Башаламандык болбойт деп ишенем. Өлкөдө бардыгы туруктуу болот. Бул үчүн өкмөт бардык аракеттерди көрөт", - деди Боронов.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстанда жаңы технологияларды колдонуу менен шайлоо өтүп жаткан биринчи жыл эмес. "Кыргызстандын бүгүнкү жетишкендиги калкка туура тандоону жасоого мүмкүнчүлүк берет деп ишенем. Анткени, бүгүнкү күндө ар бир шайлоочу татыктуу деп эсептеген партияга добуш бере алат", - деди ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий