Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Кыргыз өкмөтү тарабынан аймактарга бөлүнгөн мектеп автобустары окуучуларды ташый баштады.
Автобусту келе жатканын көрүп, сүйүнгөнүн жашыра албай кубанган балдар менен чогуу ата-энелер дагы кубанып, автобустун дөңгөлөгүнө сары май сүртүп жатканы тартылган видео социалдык тармактарга тарап жатат.
Белгилей кетсек, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына Россиянын “Евразия” автономиялык бейөкмөт уюму Кыргызстандын өкмөтүнө 100 даана автобус тапшырган.
Министрлер кабинетинин чечими менен жаңы автобустар окуучуларды ташуу үчүн Кыргызстандын алыскы аймактарына бөлүштүрүлүп берилген.
Пикир
Оставить комментарий