• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

ӨКМ: Табигый кырсыктардын өрчүшү боюнча жыл башынан бери 300дөн ашык эскертме берилген

Коом 0

Бишкек, 06.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Жыл башынан тартып Кыргызстандын аймагында кооптуу табигый процесстердин өрчүшү боюнча басылмага ылайык, жергиликтүү бийликке маалыматтар таратылган. Бул тууралуу ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча жалпы 317 эскертме жергиликтүү бийликке таратылган. Ноокат районунундагы сел катталган аймак боюнча да алдын алуу иш-чараларын көрүү үчүн атайын эскертмелер берилген.

“Абшыр-Ата айылынын үстүндөгү сел жүрүүчү сай боюнча биз 2004, 2011, кийин 2022-жылдары корутундубузду бергенбиз. 1600 метрлик Шаран-Сай жана Апшыр-Ата сайларынын нугун тазалоо боюнча иштерди алып баруу боюнча сунуштарыбызды айтканбыз. Бирок тиешелүү иштер жүргөн эмес”, - деп белгиледи Сакыев.

Ошондой эле ал сайдын ичине башаламан курулган сөрүлөр сел суулары ташыганда жолдогу көпүрөлөргө кептелип калгандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий