• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ӨКМ сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн экенин эскертти

Коом 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн экенин эскертти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-26-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын төмөнкү унаа жолдорунда сел жүрүшү жана таш кулашы күтүлөт:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;
  • Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;
  • Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымдарында;
  • Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;
  • Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
  • Ош – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
  • Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымдарында;
  • Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымдарында.

Буга байланыштуу ӨКМ айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү алыскы сапарга чыкпай турууну эскертет!

Кырсык катталганда 112 номерине акысыз, күнү-түнү байланышыңыз.

Пикир

Оставить комментарий