Бишкек, 05.02.18. /Кабар/. Кыргызстанда 3-февралдан 5-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу тоолуу райондордо көчкү жүрүү коркунучу сакталууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка караганда, бул мезгил аралыгында Бишкек-Ош жолунун 198-265 чакырымдарында жайгашкан Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында, Тамчы участогунун 74-78 чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак жана кар күрткү болот.
Айдоочуларга автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.
Пикир
Оставить комментарий